Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Майыптарга кам көрбөгөндөрдү айыпка жыгуу сунушталууда


Административдик кодекске өзгөртүү киргизип, майыптарга жеңилдик жаратпаган мекеме-ишканалардын жетекчилерин жоопко тартуу сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоору учурда парламенттин комитеттеринде каралып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса, майыптар арабасы үчүн пандус орнотулбаган ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери административдик жоопко тартылат. Ошондой эле майыптарга ыңгайлаштырылган шарты жок курулуш имараттарына уруксат бергени үчүн Архитектура башкармалыгынын жетекчилиги айыпка жыгылат.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагында 156 миң майып жаран бар. Алардын 26 миңин 18 жашка чейинкилер түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG