Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Макаревичтин дагы бир концерти үзгүлтүккө учурады


Орусиялык белгилүү рок музыкант Андрей Макаревичтин Санкт-Петербургдагы концерти болбой калды. Артист Украинадагы кризиске байланыштуу Орусия бийлигин катуу сындап жүрөт. Макаревич 28-сентябрда Петербургдагы клубда джаз аткаруучу Илдар Казаханов менен бирге концерт коймок. Клубдун өкүлдөрү “артист иш-чарага катыша албай калды” деп түшүндүрүштү. Бирок кайсынысы экени белгисиз.

Акыркы кездерде Макаревичтин Орусиядагы бир нече концерти үзгүлтүккө учураган. Ырчы Украинада чыгыш облустардан келген качкындар үчүн концерт уюштургандан кийин кремлчил депутаттар менен журналисттер аны чыккынчы деп аташууда.

XS
SM
MD
LG