Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

"Ирак жана Леванта ислам мамлекети" уюму жанкечтилердин чабуулун күчөттү


Жанкечтилердин 21-сентябрдагы бир катар чабуулунан Ирактын Анбар провинциясында 40 аскер мерт кетти. Генерал Рашид Флейхтин айтымында, дагы жетимиштей аскер колго түшүп кетти. Дагы бир маалыматка караганда, жоочулардын чабуулунан Ирактын аскердик жетекчилиги провинциядан 700 аскерди чыгарган.

Жоочулар Сирияда жана Ирактын түндүк жана батышында көптөгөн жерлерди басып алышкан. АКШнын аба күчтөрүнүн колдоосу менен Ирак аскерлери бир катар майда шаарларды көзөмөлүнө кайтарып жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG