Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Орусия менен Түштүк Африка атомдук электр станциясын куруу келишимине жетишти

22-сентябрда Венада кол коюлган келишим Түштүк Африкада орус технологиясы менен атомдук электр станцияларын курууга жол ачат. "Росатом" корпорациясынын башчысы Сергей Кириенконун билдирүүсүнө караганда, келишимге ылайык 2023-жылга чейин Орусия Түштүк Африкада сегиз атомдук электр станция курат. Ошондой эле адистерди даярдоо, инфраструктура жагынан жардамын берет. Түштүк Африканын энергетика министри Тина Жоемат-Петтерсондун айтымында, бул кызматташуу Түштүк Африкада 9.6 гВтка чейин электр кубатын бере турган ядролук кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. (AiT)

XS
SM
MD
LG