Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Кыргызстан “Систем мүхендисликке” 11 млн. доллар төлөдү


Бул төлөм "Кыргызалтын" аркылуу жүргүзлгөнүн анын башчысы Токон Мамытов дүйшөмбү күнү тастыктады. Маалыматка караганда, Каржы министрлиги бюджеттен 6 млн. 400 миң бөлүп, калган акча Кумтөрдөн түшкөн дивиденддин эсебинен “Систем мүхендисликке” төлөндү. Түркиянын “Систем мүхендислик” компаниясы кыргыз өкмөтү менен “Ак кеме” мейманканасы боюнча эл аралык сотто соттошуп, 11 млн. долларга утуп алган. Соттун чечими менен Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциялары камакка алынган. Акцияларды абактан чыгаруу үчүн өкмөт түрк компаниясына 11 млн. доллар которуп берди. (AiT)

XS
SM
MD
LG