Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Оштогу өзбек коомчулугу эл аралык уюмдарга нааразы


Ош шаарында жашаган өзбек коомчулугунун өкүлдөрү кайрылуу жасап, жашоочулар арасында сурамжылоо жүргүзүп жаткан эл аралык уюмдарга нааразылыгын билдирди. Шаардык өзбек улуттук маданий борборунун жетекчиси Рашидхан Ходжаев “Азаттыкка” кабарлагандай, мындай сурамжылоолор этникалык бөлүнүүгө негиз болуп жатат:

- 2010-жылдагы калабадан кийин эми гана ымала бекемделип жаткан учурда “Кантип жашап жатасың? Укугуңду кимдер, кандайча бузуп жатат? Укугуң бузулган учурда кандай чара көрүү керектигин билесиңби?” сыяктуу сурамжылоолор кайра бөлүнүүгө жол ачууда. Биз эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө чет элдиктердин аралашуусун каалабайбыз.

Ходжаев сурамжылоону USAID уюму жүргүзүп жатканын айтууда. Ал эми аталган уюмдан билдиришкендей, USAID тарабынан сурамжылоо жүргүзүлгөн эмес, бирок “Фридом Хаус”, “Эдвокаси” сыяктуу уюмдардын ушул өңүттөгү долбооруна каржылык көмөк көрсөтүлгөн. Эл аралык мекеме долбоордо этникалык бөлүнүп-жарылууга түрткөн аракет болгон эместигин белгилөөдө. (SE)

XS
SM
MD
LG