Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Ошто гендердик теңчиликке арналган жыйында нааразылык чыкты


Гендердик теңчилик боюнча облустук администрациянын имаратында уюштурулган тегерек столдун катышуучулары жыйында 2010-жылдагы калабада зордукталган аялдар тууралуу тасманын көрсөтүлүшүнө нааразылык билдирди. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети, ПРООН, Демократиялык жараяндарды изилдөө борбору бирге уюштурган. Ага катышып отурган Жогорку Кеңештин депутаты Назарали Ариповдун “Азаттыкка” айтканына караганда, чакырылгандар согуш учурундагы тасмалар жыйындын темасына дал келбей жатканын, гендердик теңчиликти калабага байланыштырбай талкуулоону сунуштап, болбосо залдан чыгып кетерин эскертишкен.

Талкуунун катышуучуларынын нааразылыгы сүрөттөлгөн видеожазуулар социалдык тармактарга да чыкты. Уюштуруучулар тасма аялдардын укугун коргоо максатында гана көрсөтүлгөнүн айтууда.

Жыйынга бир катар бейөкмөт уюм өкүлдөрү, парламент депутаттары, өкмөт мүчөлөрү чакырылган. (SE)

XS
SM
MD
LG