Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

АКШ “Ислам мамлекетинин” турумдарына сокку урду


Аба соккусу бул ирет алгачкы жолу “Ислам мамлекети” радикал тобунун Сириядагы турумдарына жасалды. Бул тууралуу 22-сентябрдын кечинде АКШнын Коргоо министрлигинин өүкүлү, вице-адмирал Жон Кирби билдирди. Анын белгилешинче, бул операцияларга истребителдер, согуштук учактар, “Томагавк” ракетасы колдонулду. Кирби АКШнын кайсы өнөктөштөрү бул операцияга катышканын ачыктаган жок. Бирок CNN Бахрейн жана Катар өлкөлөрү экенин билдирди.

Ирак менен Сириянын ири бөлүгүн көзөмөлдөгөн “Ислам мамлекети” тобунда АКШ чалгын кызматтарынын эсебинде, 31,5 миңге чейин согушкер бар.

Президент Барак Обама бул топтун турумдарына абадан сокку уруу операциясы кеңейтилерин өткөн аптада жарыялаган. (КE)

XS
SM
MD
LG