Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Пакистанда жанкечтинин бомба чабуулунан төрт киши өлдү


Жардыруу Пакистандын түндүк-батышында, Пешавар шаарында болду. Анда 13 киши жараат алды. Тартип коргоо органдарынын билдиришинче, кол салуу Пакистандын Чек ара полициясы башкармалыгынын жетекчиси Халид Жеведке карата болгон. Жардырууда ал жабыркаган жок. Мындан сырткары Вазиристандын түндүнүндө Байо аймагында аскерий автомашина жарылып, бир жоокер өлүп, эки киши жараат алды.

Ушул жылдын июнь айында пакистан армиясы «ал-Каида» радикал тобунуна байланыштуу талиптерге жана согушкерлерге каршы операциясын кеңейткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG