Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Мамдума чет элдик медианы чектөө боюнча мыйзамды колдоду


Орусиянын Мамлекеттик Думасы маалымат каражаттардагы чет элдиктердин үлүшүн чектөө боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды. Ага 434 депутат «макул», бирөө каршы добуш берди.

Мыйзам долбоорго ылайык, башка мамлекеттин жараны, эл аралык уюм Орусияда катталган маалымат каражаттарынын уставдык капиталынын 20 пайыздан ашуунуна ээлик кыла албайт. Мындай чектөө орусиялык, бирок башка өлкөнүн жарандыгын алгандарга да тишелүү. 2016-жылдын 1-январына чейин бул норманы аткарбаган ММКлардын иши токтотулат.

Мурдараак Мамдуманын төрагасы Сергей Нарышкин бул мыйзам долбоор өлкөнүн суверендүүлүгүн коргоо максатында иштелип жатканын билдирген. “Ведомости” гезити бул өзгөрүүлөр кабыл алынып калса, Орусиядагы маалымат каражаттарынын жарымынан көбү ушул чектөөгө кабыларын жазды.

Мыйзам долбоордун авторлору Батыш менен карама-каршы болуп турган учурда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул мыйзам зарыл экенин белгилеп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG