Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Обама: “Ислам мамлекетине" каршы күрөш токтобойт


Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама бүгүн Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын алдында АКШ баштаган коалиция согушкерлердин Сириядагы турумдарына алгачкы сокку урган.

Обаманын айтымында, АКШ Бахрейн, Катар, Сауд Арабия, Иордания жана Араб Эмираттары менен биргелешип иш алып барганына сыймыктанат.

- Америка кеңири коалициянын алкагында аракеттенет. Биз менен Араб өлкөлөрү бирикти. Бул күрөштө Америка жалгыз эмес экенин көрсөтүүдө. Орток коопсуздук үчүн ийиндешип күрөшкөнүнө АКШ сыймыктанат.

АКШ 22-сентябрдын кечинде “Ислам мамлекетинин” Сириядагы турумдарына алгачкы ирет сокку урган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бул иш Дамасктын макулдугу менен же БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү чечиминен кийин гана жасалышы керектиги айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG