Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Өзбек бийлиги Гүлнара Каримова үй камагында экенин тастыктады


Өзбекстандын прокуратурасы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова коррупция жана башка кылмыштарга шектелип, үй камагына алынганын тастыктады. 42 жаштагы таасирлүү Гүлнара Каримова Ислам Каримовдун мураскери катары каралып келген. Башкы прокуратура 23-сентябрдагы билдирүүсүндө, Гүлнара Каримова 16 жаштагы кызы Иман менен бөлөк турганын белгиледи. Каримованын жан-жөкөрлөрү коррупция, финансылык көз боемочулук боюнча айыпталып, июль айында ар кандай мөөнөттөргө камалган. Анын өзүнө да административдик рычагдарды пайдаланып, коррупциялык иштерге барган деген айып коюлууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG