Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Депутат Нурлан Төрөбековго кылмыш иш козголду


Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековго кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2013-жылы депутат Төрөбеков "Үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" деген чин алуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырган. Анын негизинде депутатка аталган чин берилген. Бирок кийин дипломдун жасалма экени белгилүү болгон. Мунун негизинде Төрөбековго Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык жана жасалма документ жасоо беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Нурлан Төрөбеков Жогорку Кеңешке "Ар-намыс" фракциясынан шайланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG