Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Президент Обама бүгүн БУУда чыгып сүйлөйт


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында чыгып сүйлөйт.

Бир нече жума бою “Ислам мамлекети” уюмунун Ирактагы турумдарына сокку уруп келгенден кийин 22-сентябрда АКШ жана Араб өлкөлөрү кирген коалиция Сирияда аскердик операцияны баштады. Кечээ Обама Нью-Йоркко аттанардын алдында уюмга каршы күрөш уланарын айтып, беш араб өлкөсүнүн бул кампанияга катышуусу АКШ уюмдун согушкерлерине каршы урушта жалгыз эместигин далилдеди деп белгиледи.

Обама бул күрөш убакытты талап кыларын, Вашингтон топту жеңүү үчүн керектүү чара көрөрүн да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG