Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Жасалма документ жасаган нигериялыктар кесилди


Кыргызстанда жасалма документ жасады деп айыпталган Нигериянын төрт жараны боюнча сот чечими чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи Май райондук соту Имомион Охис, Оничемо Себастиян Олувасеи, Мособалаж Олажид 4 жыл 2 айга, ал эми Икечукви Бенжамин Кристианды 4 жылга эркинен ажыратты. Аталган жарандар апрель айында кармалган. Алар Бишкектеги англис тилин үйрөтүү курстарынын биринде мугалим катары иштеп жүрүшкөн. Алар кыргыз жарандарына АКШ жана Европа өлкөлөрүнө жумуш таап берүүнү убада берип, жасалма документ сатып жүргөн.

Бул боюнча “Жасалма документ жасоо” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, алар УКМКнын тергөө абагына камакка алынган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG