Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:43

Барак Обама БУУда Украина жана “Ислам мамлекетинин” маселесин көтөрдү


24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылган АКШнын президенти “Ислам мамлекети” террорчул уюмунун жоочуларын талкалоого көмөк көрсөтүүгө дүйнөнү чакырды.

Украина маселесине токтолгон Обама, Орусиянын Крымды “аннексиялап” алышы дүйнөлүк согуштан кийинки тартипти бузду деди:

- Орусиянын Украинадагы аракеттери согуштан кийинки тартипке чакырык таштады. Украина калкы коррупцияга каршы жапырт көтөрүлүп, реформаларды талап кылганда коррупцияланган президент качты. Киев өкмөтүнүн эркине каршы Орусия Крымды кошуп алды. Орусия миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген жикчилдерди колдоду. Жарандык учак атып түшүрүлгөндө алар бир нече күн кырсык болгон жерге барууга мүмкүнчүлүк берген жок. Украина өз аймагында тартип орнотууга киришкенде Орусия аны четке кагып, жикчилдерге жардамын күчөттү, аскерлери чек арадан өтүп кирди.

Барак Обама ошондой эле жикчилдер менен ок атууну токтотуу боюнча келишим тынчтыкка жол ачарын, эгерде бул жолду Орусия колдосо, анда биз санкцияларды алып салабыз деди.

XS
SM
MD
LG