Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ жана коалициялык күчтөр Сирияда жоочуларга соккусун улантты


АКШнын Борбордук командачылыгынын 24-сентябрдагы маалымдоосуна караганда, бутага жоочуларга киреше алып келип жаткан мунай иштетүүчү чакан заводдор жана башка объекттер алынды. Сауд Аравиясынын жана Бириккен Араб Эмираттарынын аба күчтөрү да чабуулга катышууда. Сирия аймагына сокку урууга Дамаск бийлиги өз аймагында жайгашкан жоочулардын Иракка кол салуусун токтото албашы себеп болгону БУУда АКШ тарабынан айтылды. Орус бийлиги эгемен мамлекеттин аймагында аскердик аракет жүргүзүш үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечими керектигин эскерткен. (AiT)

XS
SM
MD
LG