Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Парламентте Улуттук банктын жоопкерчилигин кароо сунушталды


Сомдун кунунун түшүп кетишине байланыштуу Улуттук банктын жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо зарылдыгын депутат Дамира Ниязалиева бүгүн парламент жыйынында көтөрүп чыкты. Анын айтымында, баалардын өсүшүнө доллар курсунун жогорулашы себеп болууда:

- Улуттук банктын мурдагы жетекчиси Зина Асанкожоева инфляцияга байланыштуу жумуштан алынган. Эмне үчүн азыркы жетекчиликке чара көрүлбөйт? Сомдун кунунун түшүп кетиши кымбатчылыкты жаратууда. Өкмөт жана Улуттук банк буга жооп берсин.

Улуттук банктын муруңку төрайымы Зина Асанкожоева өз арызынын негизинде быйыл жазда кызматынан бошотулган. Расмий эмес маалыматтарда ал инфляцияга жол бергени үчүн иштен кеткени айтылган. Учурда Улуттук банкты Толкунбек Абдыгулов жетектейт. (SE)

XS
SM
MD
LG