Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Светтик экстремизмге бөгөт коюу сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбек Бакир уулу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында диний эмес экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Анын айтымында, динчилдерге карата коомчулуктагы терс пикирлер шариат жолундагылардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда:

- Хижаб же башка диний кийимдерди кийип жүргөндөргө, сакал койгондорго карата сын айткандар көбөйдү. Ал эмес, ачык эле аларды урушуп, заманбап кийим кийүүгө түрткөндөр бар. Экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жаткан учурда ушул маселени да эске алуу зарыл.

Коомчулук арасында диний амалдарды карманууда эки түрдүү көз караш бар. Айрымдар шариат кийимдерин кийип жүрүү шарт экенин айтса, кээ бирлер кийим динди карманууда роль ойнобойт деген пикирде. (SE)

XS
SM
MD
LG