Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Яценюк: Украинага Крым кайтарылмайын, Орусияга каршы санкция токтотулбасын


Премьер-министр Виктор Яценюк Украина бардык территориясын, ошондой эле Крымды өз ээлигине кайтарып алмайын, Орусияга каршы санкцияны токтотпоого үндөдү. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясындагы сөзүндө Орусиядан аскерлерин Чыгыш Украинадан чыгарып кетүүнү, “террорчуларды каржылоону токтотууну” жана “нак тынчтык сүйлөшүүсүн баштоону талап кылды:

- Украина өлкө чыгышынан тартып, Крымга чейинки территориясын толук контролго алмайын, өз өнөктөштөрүбүздү санкцияны токтотпоосун суранабыз. Крым Украинанын бир бөлүгү болгон жана боло берет.

Москва Украинага эч кандай аскер жибербегенин айтып келет.

Украин премьер-министри Яценюк ырасмий Киев менен жикчилер ок атышууларды токтотуу боюнча 5-сентябрда Минскиде кол койгон келишимдин бардык пункттарын Орусия урматташ керек деп президент Путин өз уруш майданында жеңгени менен “эч качан бирдиктүү Украин элин жеңе албасын” айтты.

XS
SM
MD
LG