Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Украина 2020-жылы Евробиримдикке мүчө болуу үчүн арыз берет


Бул жөнүндө президент Петро Порошенко 25-сентябрда Киевдеги пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, реформа боюнча ал сунуш кылган план Украинага алты жылда Евробиримдикке мүчөлүккө арыз берүүгө мүмкүндүк берет:

- Реформа системалуу жүргүзүлүшү керек жана бир эле мезгилде бардык саясий, экономикалык, социалдык мекемелерди камтыйт. Стратегия-2020га 60тан ашуун реформа кирет. Бул 60 реформа жана атайын программа бир учурда башталууга тийиш, - деди Порошенко.

Президент Порошенконун айтымында, орусиячыл жикчилдер менен түзүлгөн тынчтык планы Чыгыш Украинадагы беш айдан берки чатактын “эң коркунучтуу” бөлүгү артта калганын жышааналайт.

"Реформанын негизи коррупциянын тамырын кыркууга, салык системасын, күч жана коопсуздук органдарын реформалоого, жергиликтүү бийликтерди күчтөндүрүүгө жана энергетикалык күнкорсуздукка жетүүгө багытталат", -деди украин президенти.

XS
SM
MD
LG