Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Британия "Ислам мамлекети" уюмуна каршы соккуларга кошулушу ыктымал


Британиянын премьер-министри Девид Кэмерон парламенттен “Ислам мамлекети” уюмуна каршы сокку уруу уруксатын сурайт деп күтүлүүдө.

Тыныгууда жүргөн депутаттар атайын сессияга чогулуп, АКШ баштаган коалициянын согушкерлерге каршы операциясына кошулуу маселесин карашмакчы.

Өткөн жылы парламент Сириянын өкмөттүк күчтөрүнө каршы сокку уруу сунушун четке каккан эле. Бул жолу болсо дээрлик бардык партиялардын өкүлдөрү премьердин демилгесин колдошорун кыйытып келишти.

Америкалык эки журналист менен британиялык гуманитардык кызматкердин британ акценти менен сүйлөгөн киши тарабынан мууздалышы өлкөдө “Ислам мамлекети” уюмуна каршы маанайды күчөттү.

Расмий маалыматка караганда, британиялык 500дөй жаран Сирия менен Ирактын түндүгүнө урушка жөнөгөн. Мындан улам айрымдары кайтып келип, теракттарды ишке ашырышы мүмкүн деген кооптонуулар көп айтылууда.

XS
SM
MD
LG