Орусиянын Мамлекеттик думасы Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимди ратификациялады. Мыйзам чыгаруучулар аны “тарыхый” деп атап, бир добуштан колдошту. Экономикалык шаркетти түзүү тууралуу Бажы биримдигине кирген үч өлкө – Беларус, Казакстан жана Орусиянын президенттери макулдашып, май айында Астана шаарында кол коюшкан.
Жаңы түзүм эмки жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт деп күтүлүүдө.
Москва мурдагы СССРге кирген өлкөлөргө кысым көргөзүп, Бажы биримдигине кошулууга үндөп келет. Орусия ал кийин Европа биримдигиндей уюшмага айланат деп айтууда.
Армениянын премьер-министри Овик Абрамян июлдун башында өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге октябрдын этегине чейин кол коюлат деп билдирген.