Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

"Лимоновчулар" Андрей Макаревичтин концертин үзгүлтүккө учуратышты


Орусияда улутчул Эдуард Лимоновдун тобунун активисттери Андрей Макаревичтин Москвадагы концертин үзгүлтүккө учуратышканын моюнга алышты. Белгилүү рок ырчы кечээ баш калаадагы Музыка үйүндө ырдап жаткан учурда бир ууч адам залга газ чачыратып, көрүүчүлөр имараттан чыгууга аргасыз болушкан. Өздөрүн "Башка Орусия партиясы” деп атаган Лимонов тобу веб-сайтында окуя үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты.

Учурда тарап кеткен “Башка Орусия” оппозициялык кыймылына Гарри Каспаров өңдүү либералдар кирчү. Кремлдин мурдагы сынчысы Лимонов президент Владимир Путиндин Украинадагы саясатына колдоосун билдирген.

Кремлчил депутаттар жана айрым журналисттер Чыгыш Украинадагы качкындарга концерт берген Макаревичти чыккынчы деп аташууда.

XS
SM
MD
LG