Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Ооганстанда согушкерлер стратегиялык чөлкөмгө кол салышты


Ооганстандын стратегиялык Газни чөлкөмүндө жүздөгөн талип согушкерлери Ажрестан районуна кол салышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, бери дегенде 20 киши, катарында аялдар менен балдар набыт кетти. Полициянын жетекчиси Асадулла Энсафи өкмөттүк күчтөр менен жоочулардын ок атышуусу төрт күнгө созулганын маалымдады. Анын айтымында, талиптер 12 кишини анын ичинде полиция кызматкерлери менен үй-бүлө мүчөлөрүн мууздап кетишти.

Cогушкерлер үч айылга кирип барып, турак-жайларга өрт коюшкан.

Өзүн Талибан кыймылынын маалымат катчысымын деп атаган Кари Юсуф Ахмад мууздалган кишилер жана үйлөрдү өрттөө тууралуу ырастоолорду четке кагып, козголоңчулар Ажрестанда 40 полициячынын көзүн тазалашканын моюнга алды.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги ал жакка кошумча аскерлер жөнөтүлөрүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG