Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Патрушев: "Ислам мамлекетинин" катарында КМШ жарандары да көп


Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” уюмунун 50 миңдей согушкери бар болушу мүмкүн деп билдирди.

Николай Патрушев КМШнын Коопсуздук кеңештеринин жетекчилери чогулган жыйында уюм барган сайын “күчтөнүп” жатканын белгиледи. Батыш “Ислам мамлекетинин” катарына кошулган согушкерлердин саны 30 миңдин айланасында, алардын үч миңдейи Батыш Европадан баргандар деп болжолдойт. Патрушев КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары да уюмга киргенин, алардын мекенине кайтуусу “регионалдык жана улуттук бейпилдикке жана стабилдүүлүккө коркунуч туудурарын эскертти. Ал ошондой эле согушкерлер “жакшы машыгуудан” өтүп жатканын кошумчалады.

10-октябрда Минскте КМШнын саммити болот.

XS
SM
MD
LG