Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

“Жардамдашуу оңой” жармаңкеси өтүүдө


Бишкекте рак илдетинен жабыркагандарга жардам берүүнү максат кылган жармаңке старт алды. Бул тууралуу “Жардамдашуу оңой” жармаңкесинин уюштуруучулары кабарлашты. Иш-чарада жарандык активисттер, журналисттер жана өнөр адамдары колунда бар буюмун сатыкка коет жана түшкөн каражат рак менен ооругандарга жумшалат. Жармаңке эртең жыйынтыкталат.

Кыргызстанда 25 миңден ашык адам рак ооруларынан жабыркайт. Мамлекеттен жыл сайын бул оорудан жабыркагандарды дарылоо үчүн 10 миллион сом бөлүнөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG