Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер күмүш медал алды. Евгений Ваккер Азия оюндарында беш ирет байгелүү орундарды багынткан.
Инчхон шаарында Азия оюндары 19-сентябрда башталган, 4-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан спорттун 21 түрү боюнча 114 спортчу катышууда. (UEz)