20 миңдей калкы бар Айдаркен шаарчасында “Айдаркен пресс” деген аталыштагы 8 беттен турган комдук-эркин гезиттин алгачкы саны чыкты. Бул тууралуу басылманын редактору Анара Кадырова “Азаттыка” билдирди. Гезит коомдук болгондуктан, саясий өңүттөгү макалаларды баспайт. Шаарчадагы жаштардын коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен уюшулган гезит улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, дүйнөлүк жана жергиликтүү маалыматтар менен калкты камсыздоо максатын көздөйт. Алгачкы саны 1200 нуска менен чыгып, 20 сомдон сатылууда. (JsA)