Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Айсулуу Тыныбекова коло байгеге татыды


Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын коло байгесине ээ болду. Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 55 кг. салмакта күч сынашууга чыккан Айсулуу 3-орун үчүн болгон беттеште түндүк кореялык Инсун Жонгду 5:0 эсеби менен таза утуп алды.

Айсулуу Тыныбекова буга чейин чейрек финалда монголиялык Баямбатсерен Судневге каршы чыгып, бир аз гана упай айырмасында утулуп калган. Монголиялык күрөшчү кыз финалга чыккандыктан Айсулууга коло байге үчүн жооткотуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк пайда болгон.

17-Азия оюндарында учурда Кыргызстандын эсебинде 4 медал бар. Буга чейин велоспорттон Евгений Ваккер күмүш жана эркин күрөштөн Эламан Догдурбек уулу коло, Магомед Мусаев күмүш байге тагынган. (Ezh/TSh)

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG