Жалал-Абаддын Аксы районунда соңку үч жылда мал уурулуктун саны кескин өстү. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Момуналы Добулбеков билдирди. Жергиликтүү милициянын маалыматына ылайык, былтыр Аксыда сегиз айда мал уурулук боюнча үч гана кылмыш катталса, быйыл жыл башынан бери мындай кылмыш элүүдөн ашты.
Кылмышка шектелип кармалгандар арасында коңшу Өзбекстандын жарандары, жергиликтүү өспүрүмдөр жана аялдар да бар. Ушул тушта кыргыз-өзбек чек арасындагы айылдарды түнкүсүн милиция элдик кошуун менен бирге күзөтүп жатат.
Коңшу өлкөнүн чек арасынан өтүп келип мал уурдаган, аларга кыргызстандык жарандар жардам берген учурлар Жалал-Абаддын Өзбекстан менен чектешкен бардык райондорунда бар. Облустук милициянын маалыматы боюнча, жалпысынан жүздөн ашык кылмыш иши козголду, чыгым жалпысынан он миллион сомго чамалады. (EBM/TSh)