Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Жалал-Абадда облустук бийлик улгайган кишилерге каражат бөлдү


1-октябрь - карыялардын эл аралык күнүнө карата облус аймагында жүз жаштан ашкан 61 жаранга өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү миң сомдон жардам берет. Каражат өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан бөлүндү. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары Сузак жана Токтогул райондорундагы карылар үйлөрүнө да материалдык көмөк көрсөтүлөт.

Жалал-Абад облусундагы жашы эң улуу адам - Ала-Бука районунун Постек айылынын тургуну, эмгектин жана ооруктун ардагери Бурул Барикова. 1889-жылы туулган эне быйыл 125 жашта.

Аймакта жашы жүздөн ашкан кишилердин экөө гана эркек. (RsK)

XS
SM
MD
LG