Түштүк Кореяда уланып жаткан 17-Азия оюндарынын алкагында бүгүн 32 топтом медал ойнотулат. Кыргызстандыктар эркин күрөш, бокс, жеңил атлетика боюнча мелдештерге чыгат. Узаган жуманын соңу кыргыз спортчуларына ийгиликтүү болуп, төрт медал утуп алышты.
Велоспортчу Евгений Ваккер менен эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш алса, эркин күрөшчү Эламан Догдурбек уулу менен кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло байгенин ээси болушту.
Инчхон шаарында өтүп жаткан Азиадага спорттун 21 түрүнөн 114 кыргызстандык спортчу катышууда. 19-сентябрда башталган 17-Азия оюндары 4-октябрга чейин уланат. (ECh)