Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:07

“Жардамдашуу оңой” жармаңкесинде 231 миң сом топтолду


Рак оорусуна чалдыккан балдар үчүн каражат топтоо максатында Бишкекте 27-28-сентябрь күндөрү өткөн “Жардамдашуу оңой” жармаңкесинде 231 459 сом чогулду. Бул тууралуу анын уюштуруучусу Элнура Насритдинова “Азаттыкка” билдирди.

“Бишкек-Парк” комплексинде өткөн иш-чарада 30дан ашуун жакын активисттер, журналисттер жана өнөр адамдары өздөрү каалаган буюмдарын жана бышырган тамак-аштарын сатыкка койду. Түшкөн каражат Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө тапшырылат жана бардык акча керектүү дарыларга жумшалышы “Жардамдашуу оңой” фондунун ыктыярчылары тарабынан көзөмөлдөнөт.

Кайрымдуулук каражатын топтоо акциясы фейсбук аркылуу жарыяланып, андан соң жармаңке уюштурулду.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 25 миңден ашык адам рак ооруларынан жабыркайт. Мамлекеттик казынадан жыл сайын дарылоого 10 миллион сом бөлүнөт. (SE)

XS
SM
MD
LG