Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Максүтовго каршылар өкмөт башчыга кайрылуу жолдошту


Бексултан Жакиев баштаган ондон ашык коомдук-маданий ишмерлер маданият министрине татыктуу адамды бекитүу боюнча өкмөт башчысына жана парламент депутаттарына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда “Ар-намыс” фракциясы аталган кызматка көрсөтүп жаткан талапкер Алтынбек Максүтовдун мурда-кийин жетекчилик кызматта иштебегени айтылат.

Кайрылууга кол койгон Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев "Азаттыкка" буларды айтты:

- Максүтовду депутат Каныбек Иманалиев түртмөлөп жатат. Ал салттуу "Манасты" жокко чыгарып, Бүбү Мариямдын Жайсаңын элге таңуулап келет. Ал министрликке өз кишисин коюп, сасык саясатын элге жайылткысы келип жатат. Биз буга жол бербешибиз керек.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев мындай дооматтарды четке кагып, Максүтов министрликке татыктуу талапкер экенин айтып келет.(UEz)

XS
SM
MD
LG