Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

УКМК башчысы Сириядагы урушка кеткендер алчу акчаны ачыктады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Бусурманкул Табалдиев Сирияга жалданып кеткен согушкерлер күнүнө миң доллардан аларын бүгүн парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинде билдирди.

Анын айтымында, Сирияга согушка кеткен кыргызстандыктардын башкы максаты каржылык кызыкчылыкта. Учурда алардын саны жүзгө жетти, онго жакыны кыз-келиндер.

Мындан мурдараак Ош облустук милициясы Сирияда согушта курман болгон кыргызстандыктардын саны 8ге жеткенин билдирген. Сирияга согушка кеткендердин 70 пайызы Орусия аркылуу өтөт.(UEz)

XS
SM
MD
LG