Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

Баткенде ата-энелер алты күндүк окууга нараазы


Баткен облусунун аймагында башталгыч класстар үчүн окуу жумасына 6 күнгө созулушуна кээ бир ата-энелер нараазылыгын билдирүүдө. Бул боюнча "Азаттыкка" Кадамжай районунан ата-энелердин тобу кайрылышты.

Алар башталгыч класстардын окуучулары 6 күн катары менен мектепке баруусу туура эмес чечим болгонун, ошол эле учурда балдар үчүн шашке тамагы ишемби күнгө каралбаганын, 6 күндүк окуу жеткинчектерге оор болуп жатканын жүйө келтирип жатышат.

Баткен облустук усулдук борбордун директору Мээрниса Айжигитова облус аймагында мектептерде бөлмө тартыштыгынан улам ушундай чечим кабыл алынганын “Азаттыка” билдирди.

Нааразы болгон ата-энелер болсо болгону эки сабак үчүн балдары алтынчы күнү жөн эле убара болуп жатканын, маселени башка жол менен чечсе да болорун, эгер бул чечим өзгөрбөсө тиешелүү тараптарга кайрыларын айтышууда.

Республикада өзү башталгыч класстар үчүн 5 күндүк окуу белгиленген. (JsA)

XS
SM
MD
LG