Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Дамаск Сириядагы жарандык согушту жөнгө салууга аракет кылат


Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муалем 29-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында билдирди. Ал Дамаск терроризмге каршы күрөшүү багытында эл аралык аракеттерди жактай турганын билдирди. Ошондой эле “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерине каршы күрөшкө дүйнө артыкчылык бериши керектигин кошумчалады.

- Дамаск Сириядагы жарандык согушту саясый жол менен чечүүгө жана чыныгы оппозиция менен диалогго барууга бар күчүн жумшайт.

Валид ал-Муалем АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн “Ислам мамлекети” тобуна каршы Сирия аймагын бомбалоосун комментарийлеген жок.

Мындан мурдараак Орусия менен Иран коалициялык күчтөрдүн аракети Дамаск жана БУУнун Коопсуздук кеңеши менен макулдашылгандан кийин жасалышы керектигин айтып чыккан эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG