Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Украинадагы орус тилдүүлөргө карата геноцид боюнча иш козголду


Орусиянын тергөө комитети Украинанын түштүк-чыгышындагы орус тилдүүлөргө карата тукум курут беренеси боюнча иш козгоду. Аталган мекеменин расмий өкүлү Владимир Маркиндин 29-сентябрда айтканына караганда, апрель айынан баштап, Украинанын аты-жөнү аныкталбаган жогорку саясый жана аскерий жетекчилери Донецк жана Луганскта жашаган орус тилдүү жарандарды жок кылуу тапшырмасын берген. Бул аракеттерден эки жарым миңдей адам каза болгон.

Мунун алдында Украинанын вице-премьер-министри Александр Сыч: “Орусия Украинаны согушка жаңы технологияларды киргизүү полигону катары карап жатат. Ошондуктан ички келишпестиктер тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Азыркы жаңжалдар түзмө-түз Орусия агрессиясы”, - деп айткан.

Киев жикчилдерге колдоо көрсөтүп жатат деп Москваны күнөөлөп келет. Кремл бул дооматтарды четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG