Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Артыкбаев: тариф боюнча сот чечимине макул эмеспиз


Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгартуу максатында жогорку инстанцияларга кайрыларын билдирди. Анын айтымында, кечээ чыккан сот өкүмү расмий түрдө министрликке жете элек.

- Биринчиден, соттун чечимин колго ала элекпиз. Азырынча мындай эле жарыяланды да, расмий түрдө бизге келе элек. Экинчиден, өкмөттүн тарифтерди көтөрүү чечими туура болгон. Эми биз кийинки кадамдарды жасайбыз.

Артыкбаев кошумчалагандай, сот өкүмү күчүнө киргенге чейин электр энергиясына жана жылуулукка болгон баалар жогорулатылган тариф боюнча төлөнөт.

Кечээ, 29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Өкмөттүн тариф саясаты боюнча жаңы токтомуна ылайык, электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG