Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

Өчүрүлгөн 3 фазалуулар үч миңден ашты


Бишкек жана Ош шаарларында электр энергиясын 3 фазада алгандардын ичинен үч миңден ашык колдонуучунун жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» энергетика министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясын үнөмдүу пайдалануу максатында 3 фазалууларды өчүрүү өлкөнүн бардык аймагында жүргүзүлөт.

- Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан өтө аз. Ошондуктан энергияны сарамжалдуу пайдаланышыбыз керек. Болбосо свет өчөт. Электрди жылуулук үчүн керектегендерди чектеп, жарык үчүн колдонгондорго шарт түзөлү деп жатабыз.

Кыргызстанда электрди 3 фаза менен алгандардын саны 132 миңге жетет. Алар жалпы колдонуучулардын 10 пайызын түзөт. (UEz)

XS
SM
MD
LG