Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

ИИМдин коррупцияга каршы бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалды


Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы башкармалыгынын бөлүм башчысы пара менен кармалганын УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган бөлүм башчы “А.Ж” аттуу жарандын ишин чечип берем деген убада менен 30 миң сом пара талап кылган.

27-сентябрда ал 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.(BkA)

XS
SM
MD
LG