Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

Көчкүдө калгандар “Кумтөрдө” жалданып иштешкен


Жети-өгүздүн Сары-Мойнок капчыгайында көчкү алдында калгандар “Кумтөр Голд” компаниясы жалдаган жумушчулар болгон. Мындай маалыматты аталган ишканадан тастыкташты. Маалыматка ылайык, кечээ ишканада келишимдик негизде иштеген төрт альпинист жана эки электрик Сары-Мойноктогу ретрансляторду оңдоо үчүн чыккан. Жумуш бүтүп, артка кайткан учурда көчкү эки альпинистти басып калган. Алардын бири оор жаракат алып, аман калган. Каза болгон экинчи альпинисттин сөөгү табылбай жатат. Учурда окуя болгон жерде 15 куткаруучу иштеп жатат.

Жараат алган альпинистти Бишкекке алып келүү үчүн Коргоо министрлигинине караштуу тик учак бүгүн түшкө маал Жети-Өгүз районуна учуп жетти.(BkA)

XS
SM
MD
LG