Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Кыйноодон жабыркаган адам кайрадан сабалды


Бишкекте милиция кызматкерлерин кыйноого алды деп арыз жазган адам ур-токмокко алынды. Бул тууралуу сабалган Эрмат Алмазбек уулунун адвокаты Динара Медетова кабарлады. Анын айтымында, Алмазбек уулун кечээ кечинде үйүнүн жанынан белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал былтыр Бишкектин Свердлов райондук милициясынын төрт кызматкери мыйзамсыз кармап, кыйнаганы боюнча арыз жазган. Анын негизинде сот башталып, жакында өкүм чыкканы жаткан. Бирок соттук териштирүү учурунда ар кыл коркутууларга туш болуп жатканын айтып чыккан эле.

Медетова бул кол салуу жогорудагы коркутууларга байланышы болушу мүмкүн экенин кошумчалады.(BkA)

XS
SM
MD
LG