Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Луганскта орусиячыл жикчилердин огунан жай тургундар жабыркады


Луганск облусунда бүгүн эртең менен жикчилер Попасная шаарына кол салып, бир нече жергиликтүү тургун жабыркады. Облус башчысы Геннадий Москалдын сайтына чыккан маалыматка караганда, тез жардам станциясы өрттөлүп, шаардын кире беришиндеги көпүрө талкаланды. Канча адам жабыркаганы тууралуу так маалымат азырынча жок.

Донецкте өткөн түнү бир турак үй жок кылынды. Атышуу катуу жүрүп жаткандыктан беш миңдей тургун газы жок отурат.

Соңку сутка ичинде орусиячыл жикчилер «Град» системасынан украин аскерлеринин Некишино, Малоорловка, Редкодуб айылдарындагы турумдарын аткылашты. Өкмөттүк аскерлер Донецк аэропортун, Дебальцево жана Мариуполдун тегерегин өз көзөмөлүндө кармап турат. (RK)

XS
SM
MD
LG