Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Көмүр чыры боюнча камалгандардын баш коргоо чаралары өзгөртүлгөн жок


Эки күн мурда Коопсуздук комитети камакка алган жооптуу үч кызматкердин баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту 29-сентябрда карап, камакта калуу мөөнөтүн эки айга узартты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева "Азаттыкка" билдирди. Анын тастыктаганына караганда Өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Марсбек Маданбеков, «Электр станциялары» ишканасынын коопсуздук кызматынын адиси Турсунбек Мамбеталиев, Башкы прокуратуранын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нуртазин Жетибаев кылмышка шектүү катары 27-сентябрда камакка алынышкан. Аларга тендер учурунда казакстандык бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн чогуу аракеттенишкен жана "Электр станциялар" ишканасынын жетекчилерин мажбурлашкан деген доо коюлууда.

Буга чейин “Электр станциялары” ишканасынын коммерциялык директору Кемел Иманов мамлекеттик кызыкчылыкка шек келтирди деген шек менен камакка алынган.

Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча жай ичинде үч ирет тендер жарыяланып, жыйынтыксыз аяктаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG