Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Көчкүдө калган альпинисттин сөөгү табылды


Жети-Өгүздүн Сары-Мойнок капчыгайында кар көчкү алдында калган Майрамбек Абдылдаевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ал эми анын кырсыктан аман куткарылган шериги Михаил Кузьмин Коргоо министрлигинин тик учагы менен Бишкекке жеткирилди. Анын абалы оор экени айтылууда.

Кечээ, Жети-Өгүз районундагы Сары-Мойнок капчыгайында “Кумтөр” компаниясы жалдап иштеткен эки альпинистти кар көчкү басып калган. Алар бийиктиги 3126 метр келген Сары-Мойнок ашуусуна “Кумтөр” компаниясынын антеннасын алмаштырганы чыгышкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG