Бул тууралуу коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Баткендеги чек ара чатактары учурунда тажик тарап милдетин алган материалдык чыгымдардын жарымы төлөнүп берилди. Бул 5 миллион сомго жакын каражатты түзөт. Ал эми калган бөлүгүн төлөө боюнча иштер жүрүп жатат. Аны тездетүүнү суранып, тажик өкмөтүнө расмий кайрылганын Маматалиев кошумчалады.
Быйыл кыргыз-тажик чек арасында 28 жаңжал катталган. Анын жүрүшүндө кыргыз жарандарынын турак-үйлөрү, дүкөндөрү жана унаалары талкаланган. Чыгымдын жалпы суммасы 11 миллион сом деп эсептелген. Булардын айрымдарын тажик тарап төлөп берүүгө убада берген.(BkA)