Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Гонконг: бийликтин отставкасы талап кылынууда


Бир жумадан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткандар Гонконг бийлигин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Бул күнү толук демократиялуу шайлоо өткөрүүнү талап кылып көчөгө чыккандардын саны 80 миңге жеткени кабарланууда. Алар талаптары аткарылмайынча көчөдө түнөрүн билдирип жатышат. Акцияны уюштургандардын бири Ленг Чун-ин чогулгандар реформаны каалап жатканын билдирди.

Гонконгдо өткөн жумадан бери уланып жаткан демонстрацияга чыккан он миңдеген жарандар Бээжинди 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыпташууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG