Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Британия “Ислам мамлекети” тобунун Ирактагы турумуна сокку урду


Ирак менен Сириядагы радикалчыл “Ислам мамлекети” тобуна каршы согуштук коалицияга кошулган өлкөлөрдүн катары көбөйүүдө. 30-сентябрда Британиянын аскердик учактары согушкерлердин Ирактагы өңүттөрүнө алгачкы жолу сокку урду. 1-октябрда бул миссияга Австралиянын аба күчтөрү да кошулду. Бирок алар азырынча согуштук аракеттерге кошулбайт.

Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон маалымдагандай, жихадчылардын ок-дары тарткан машинеси жана оор куралдар орнотулган өңүтүнө бомба урулган. Кипрдин Акротири авиабазасында катталган британ истребителдери буга чейин беш жолу күжүрмөн тапшырма менен учуп, бирок бомбаларын коротпой кайткан эле. Британ парламенти аба күчтөрүнө Ирактагы жихадчыларга каршы согуштук операцияга катышууга өткөн жума күнү уруксат берген.

АКШ башындагы коалиция 30-сентябрда жихадчыларга Ирак жана Сирияда 22 ирет абадан сокку урду. Сириянын түндүгүндөгү күрт калктуу Кобани шаарынын чет жакасына урулган авиасокку 59 жихадчыны катардан чыгарганын Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө уюму кабарлады. АКШ баштаган коалицияга азыр 60 өлкө кирет.

XS
SM
MD
LG